Абшыр-Ата жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдө

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 30-июнь күнү Көк-Жар – Абшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы көпүрө селден улам жараксыз абалга келген. Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

N37 Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы турган Абшыр-Ата жолундагы Шаран-Сай көпүрөсү учурда ӨКМ тарабынан калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө. Жеринде ӨКМден жалпы 5 инженердик техника тартылган. Көпүрөнү калыбына келтирүү бүгүн кечке чейин бүтөрү күтүлүүдө.