Абшыр-Атада калып калган 200дөн ашуун унаага ушул жума жол ачылат

Абшыр-Сай шаркыратмасынын жогорку тарабында сел алып кеткен жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев: «Ош-Баткен жолун байланыштырган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, жаңы көпүрө салынууда. Ошол жактагы техника, жумушчу күчтөрдү бул жакка жөнөтүп, тоо башындагы 200дөн ашык унаага жол ачууга бардык күчтү жумшаңыздар. Оор техникалардын жардамы менен ушул жума бүтүрүү керек. Техника, акча каражат, күйүүчү май маселеси баары жетиштүү», — деди.