Абшыр-Сайдын 1300дөн ашуун эс алуучусу эвакуацияланды

ӨКМден тартылган тик учактын жардамында 2 каттам менен Ноокат районунун Абшыр-Сай эс алуу жайынан 5 адам (2 жашы улгайган, 2 келин, 1 бала) Кезарт жайлоосунан 10 адам (3 жашы улгайган, 3 келин, 4 бала) эвакуацияланып, коопсуз жайларга жайгаштырылды.

Жарандар жеринде медицина кызматкерлеринен кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди. Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылган. Абшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандардын ичинен жабыркагандар жок. Эвакуциялоо, куткаруу иши аяктады.