«Ачтырбаганга аракет кылалы». Депутат Ошто «Азаттыктын» өкүлчүлүгү ачылып жатканын, митинг болорун айтты

«Ош шаарында митинг болот экен. Мага Ош шаарынын жашоочулары чалышты». Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов билдиришти.

«Ош шаарына «Азаттыктын» өкүлчүлүгү ачылып жатыптыр. Алардын талабы ошону ачтырбоо болуп жатат. Анткени 2010-жылы Ош окуясында «Азаттык» адилетсиздик кылган. Бир тараптуу маалымат берген. Келечекте Кыргыз, Тажик, Кытай чек араларына көптөгөн бут тосуулар болот. Ошону себеп кылып, митингге чыгабыз деп жатышат. Эл менен да эсептешип коелу. Элди угуп, ачтырбаганга аракет кылалы», — деди ал.

«Азаттыктын» Борбор Азиянын орус тилдүү регионалдык редакторунун милдетин аткаруучусу Венера Жуматаева соцтармактагы баракчасында билдирүү калтырды. «Кыргызстан калкынын жарымынан көбү Ош, Жалал-Абад, Баткенде жашайт. Социалдык-экономикалык маселелер, чек ара, суу, жер талаш, миграция, жумушсуздук, билим берүү, саламаттык тармагындагы жана башка көйгөйлөрдү, өлкөнүн экинчи борборунун жашоо-турмушун, туризмди өнүктүрө турган тарыхый жана башка маанилүү маданий жайлар, мээнеткеч, иштерман жердештердин ой-санаасын жакшыраак чагылдыралы деген максатта Оштогу кабарчылардын санын бир аз көбөйтөлү дегенбиз. Ал планды башкача бурмалап ийишти окшойт, ынтымакта бололу. Керек болсо келечекте баардык медиалардын башкы офисин Ош, Жалал-Абад, Баткенге көчүрсө деле жарашмак», — деп жазды ал.