Адахан Мадумаров тууралуу тарап жаткан маалымат — фейк

Кечээ, 31-январда Ютубда депутат Адахан Мадумаров каза болду деген маалымат жарыяланган. Бул маалыматты «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Бек Умаралиев четке какты.

«Адахан Мадумаров тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилиги каралат», — деп жазды ал.