Адахан Мадумаров ооруканага жеткирилген. УКМКдан анын абалын айтышты

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров УКМКнын СИЗОсунан ооруканага жеткирилгенин жактоочусу Гулян Убулаева журналисттерге билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, саясатчы чындап эле бүгүн, 26-сентябрда эртең менен УКМКнын медициналык мекемесине жеткирилген. «Бирок анын абалы турукташып калды. Учурда ал сурак берип жатат», — деген УКМКдан журналисттерге. 

Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалып, камакка алынган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.