Адахан Мадумаров ооруканага которулду

Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу депутат Гуля Кожокулова билдиргенин Kaktus.media жазды.

Анын айтымында, УКМКнын СИЗОсунун башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигине жазуу жүзүндө арыз жазган. «Бүгүн Мадумаров СИЗОдон кардиологиялык ооруканага которулду, анын кардиостимулятору бар, ал көпкө чейин кыйналды», — деди Кожокулова.

Буга чейин саясатчынын жактоочусу Кубанычбек Туманов анын ден соолугу начар экенин билдирген. Анын айтымында, сентябрь айында Мадумаров 1995-жылдан бери көрүнүп келген атайын клиникада текшерүүдөн өткөн. Ага II типтеги кант диабети жана III стадиядагы гипертониялык криз диагнозу коюлган.