Адахан Мадумаровдун депутаттык мандаты алынды

26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун депутатка карата чыгарган өкүмү негиз болгон.

Мыйзамга ылайык, соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Жыйында Биринчи Май райондук сотунун өкүлү сотко депутаттын арызы түшпөгөнүн билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Мадумаровго шилтеме жасап, анын өкүм боюнча даттанууга убактысы бар экенин айтышты. Буга сот өкүлү райондук соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенин түшүндүрдү. Жогорку Кеңештин депутаты Мадумаровдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.