Адам сөөгү, кумура, канжар… Баткенде археологиялык казуу иштери жүрдү

БатМУнун ректору Айдарбек Гыязовдун колдоосу жана БатМУнун каржылоосу менен Баткен аймагында археологиялык казуу иштери башталды. Бул тууралуу аталган университеттен маалымдашты.
БатМУ тарабынан жүргүзүлө турган казуу иштери Тарых, археология жана этнология институтунун археология бөлүмүнүн башчысы, профессор археолог Кадича Ташбаеванын жетекчилиги астында Батыш Чехия университети менен биргеликте жаңыдан археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Археологиялык илимий изилдөө Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн, Кызыл-Кошуун өрөөнүндө казуу иштери орун алды. Ал аймакта көрүстөндөр, жеке мүрзөлөр, архитектура, турак-жай, архитектура, петроглифтер бар. Буга чейин Баткен, Лейлек райондорундагы алгачкы археологиялык изилдөөлөр өткөн кылымдын 1954-1960-жылдары жүргүзүлгөн.
Изилдөө иштеринде БатМУ тараптан жетекчилик кылган, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров: “Изилдөө учурунда табылган эстеликтер алдын ала болжолдоолор боюнча Кара-Булак көрүстөнүнө тектеш экендигине күбө болдук. Бул аймактан 150-200гө чейинки эстеликтер эсепке алынды. Археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарда жашаган адамдардын жашоо тиричилигине таандык жеке буюмдары табылды. Тактап айтканда, 1 кумура, 3 темир бычак, 1 канжар, 1 жаанын учу, 1 курдун тогосу адам сөөгү менен кошо көмүлгөнүнө күбө болдук. Кара-Булактагы эстеликтер биздин замандын 1-4-кылымдарына таандык. Ал мезгилде сөөк коюу салтында маркумдун буюм тайымдарын, аял кишилердин жасалгаларын, сөөк менен кошо көмүшкөн жана сөөктүн баш жагына кумураларга тамак-ашын коюшкан. Бул археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Өзгөчөлүгү Европада радиоуглероддук лабораториялар ишке кирген. Ал жерде антропология, геология, биология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр так чыгарылат. Табылгалардын датасын аныктоодо +10 же -10 жылга айырма болот. Бул лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин көрүстөндөрдүн сыры илимий жактан так аныкталышы мүмкүн».