«Адамга тийсе эмне болот?». Бишкекте суу куюлган шар ыргытылып, унаанын айнегин талкалады (видео)

Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасында видео менен бөлүшүп, көп кабаттуу үйдөн шарга суу куюп, ыргытып жатышканын айтып чыкты.

«Унаанын терезесин талкалаган шар адамга тийсе эмне болот?! Укук коргоо органдары таап, жазалап, коомго жарыялайт деп ишенем. Окуя азыр болду», — деп видео менен бөлүштү.