Адашып кеткен малды байлап алса эмне болот? Милиция видео даярдады

Жалал-Абад облустук милициясы адашып келген малды байлап алгандарга чара көрүлөөрүн эскертет. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан мал уурулуктарынын алдын алууга багытталган видеоролик даярдалды. Мазмунунда малдын көпчүлүгү жайытта кароосуз жүргөн учурда уурдалары камтылган. Ошондой эле уурулук фактыларынын көпчүлүгү түнкү убакытта ишке ашырылганын статистика көрсөтөт.

Адашып келип калган малды сүрөт, видеого тартып мал издегендердин Ватсап группасына же айыл башчыга, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө жөнөтүп коюңуздар. Эч кимге билдирбестен бөтөн малды баккандар мал уурдоо же бөтөн мүлктү ээлеп алуу беренелери боюнча жоопкерчилик тартып калышы мүмкүн.