Адил Турдукулов: «9-июнда коомдук комиссия Дача-СУ кырсыгында жабыркагандарга жолугат»

Дача-СУ кырсыгы боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын курамына кирген жарандык активист Адил Турдукулов соцтармактагы баракчасы аркылуу окуяга байланышкан бир нече суроо салды.

«Кырсыктын чыгашасы 187 миллион сом (2 миллион 755 миң доллар) деп эсептелген. Жарандар 102 миллион сом чогултуп беришкен. Ал эми АСТ Airlines компаниясы 49 миллион сом берген экен. Ташуучу тараптан келтирилген зыян эмненин негизинде бааланганы азырынча белгисиз. Жардам кандай негизде бөлүштүрүлдү? Эмне үчүн түрк компаниясы келтирилген зыянды жарым-жартылай гана жапты? Эмне үчүн алуучулардын тизмелери дагы эле жабык? 9-июнда жабыркагандар менен жолугалы деп жатабыз. Андан кийин кырсык болгон жерде жана «Манас» аэропортунда сырттан жолугушуу пландалган», — деп жазды ал.