Адилет Дубанаев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Дубанаев Адилет Садырбекович экономика жана финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде кол койгон.

Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-апрелде мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырылды. Ал салык процедураларын санариптештирүү маселелерин көзөмөлдөйт.

Дубанаев буга чейин өкмөт аппаратынын экономика жана каржы бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы кызматын аркалап келген. Мындан тышкары, ал салык жана бажы администрациясын санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин мүчөсү.