«Адилет сот» маалыматтык технологиялар башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Сот тутумундагы коррупциянын жаңы фактылары аныкталды анда Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын июнь айында «сот тутумунун карызкорлорунун реестри» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча сот департаментинин кызматкерлери сот аткаруучуларынын кызматтарынын бирдиктери үчүн, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте тендер өткөрүлүп, IT компаниялардын бири менен жалпы суммасы 2 миллион 385 миң сомдук жасалма келишим түзгөндүгү аныкталды.

«Бирок 2018-жылы жогоруда аталган программалык продукт сот аткаруучуларына кызмат көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан «Адилет» сот маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан айлык акынын эсебинен иштелип чыгып, андан кийин ишке киргизилип, расмий түрдө Кыргызпатентте катталган. Буга карабастан сот департаментинин кызматкерлери IT компаниясынын өкүлү менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, иштеп жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жасалма келишим түзүшкөн жана 2 миллион 385 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары коррупциялык схеманын катышуучулары тарабынан уурдалган.

Кылмышка шектүү делип тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал аталган долбоорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча түздөн-түз жетекчилик кылган. Бул кылмыш иши боюнча тергөө улантылып, бул кылмышты жасоого катышкан сот системасынын башка кызматкерлери аныкталууда. Белгилей кетүүчү нерсе, бул IT компаниясы фигуранттарынын бири катары болгон Жогорку Соттун төрагасы Гүлбара Калиеванын «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда коррупцияга байланыштуу дагы бир кылмыш иши каралууда. Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча маселеси каралып жаткан судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуш киргизилген»,- деп жазылат маалыматта.