Адвокат Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотула электигин билдирди

Кумтөр боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотула элек. Бул тууралуу мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө тергөөдө чындап эле Аскар Акаевге эч кандай суроо жок. «Бирок тергөө бүтө элек, андыктан мурдагы президентке коюлган айыптардын баары алып салынды деп айтуу эрте. Тергөө уланууда, кылмыш иши токтотула элек. Бул ишке тиешеси бар бардык адамдар шектүү катары суракка алынууда. Алардын арасында Аскар Акаев да бар. Аскар Акаев бардык суроолорго жооп берип жатат, бирок ага карата козголгон кылмыш ишин токтотуу маселеси жок. Ал кийинки жолу качан суракка чакырылары белгисиз», — деди Айбек Самарбеков.

Буга чейин коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Аскар Акаевге коюлган бардык айыптар алынганын айтып чыккан эле.