Адвокат: «Атамбаевдин атасынын үйү конфискацияландыбы же жокпу белгисиз болуп жатат»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атасынын үйү конфискацияландыбы же жокпу белгисиз болуп жатат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Маммүлктүн кызматкерлери Арашандагы үй конфискация болду дешкен, бирок фонддун төрагасы журналисттерге турак үй конфискация болбогонун билдирди. «Мен фонддун кызматкерлерине чалып байланышсам конфискация болду дешкен, төрагабызга туура эмес маалымат берилген окшойт дешкен, кайра чалып, кагаздарды кайрадан көтөрүп чыгыш керек дешти», — деди ал.