Адвокат: «Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн бошотууну талап кылып жатышат»

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн үч күндүн ичинде бошотуу боюнча ультиматум койгонун адвокат Замир Жоошев 30-майда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

«Ал бул экс-президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн үйү эмес, ден соолукту чыңдоочу борбор экенин айтууда. Эч кандай документтер көрсөтүлгөн жок. Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн үйдөн чыгаруу боюнча соттун чечими да жок», — деди жактоочу.

Азырынча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду окуя боюнча маалымат бере элек.