Адвокат: «Орхан Инанды Бишкектин бир жеринде күч менен кармалып турушу мүмкүн»

“Сапат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрү бүгүн, 1-июнда маалымат жыйын өткөрүп, мекеменин жетекчиси Орхан Инандыны табууга жардамдашууга чакырышты.

Адвокат Зоотбек Кудайбергеновдун айтымында, такталбаган маалыматтар боюнча Инанды Бишкекте күч менен кармалып турушу мүмкүн. “Биздеги тастыкталбаган маалымат боюнча күч колдонуп, Бишкекте тирүү кармап турушат. Автоунаасы Октябрь районундагы бир кафенин жанында табылды. Анын ичинде баалуу буюмдар жоголгон эмес. Бул — уурдап-тоноо үчүн болгон эмес дегенди түшүндүрөт. Эгер тоноо болсо, анда баалуу буюмдар жоголмок”, — деди ал.

“Сапат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго Инандыны табуу үчүн атайын тапшырма бергенине ыраазы экенин билдиришти. Билим берүү мекеменин башчысын издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.