Адвокат Түркияда камакка алынган Орхан Инандынын сүрөтүн жарыялады

Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын сүрөтүн жарыялады. «Ал бардык окуучуларына, ата-энелерге, кесиптештерине, досторуна жана жалпы Кыргызстан элине салам жолдоду! Буюрса, бир жылга жетпей, кайтып келет», — деп жазды ал.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салган.