Министрлер кабинетинин төрагасы: «ЭТТН жоюлбайт, аны жөнөкөйлөтүү каралат»

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 25-декабрда ЭТТН боюнча Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.

Жыйында Адылбек Касымалиев «ЭТТНди жоюуга жол берилбейт, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Тизмени кайра карап чыгуу каралат», —  деди.

Андан тышкары, өкмөт башчы ишкерлер отчет тапшырууда кездешкен кезек күтүү, электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада жоюуну тапшырды.