Адылбек Касымалиев Эверестти багындырган Асел Байбагышеваны кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандан дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган биринчи альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Асел Байбагышеванын өзгөчө жетишкендигин терең баалап, колдоо көрсөтүп, ага 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Өз кезегинде Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге сыймыктануу менен тапшырды. Мындан тышкары альпинист МинКаб төрагасына Эверест тоосунун чокусунан жеке өзү алып келген ташты тартуулады.