Үстүбүздөгү жылдын 12-14-январында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Гонконгго жумуш сапары менен барат.
- Иш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Азия каржы форумуна катышат.
Аталган иш чарага жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес өкүлдөрү катышышат.
Гонконгдун Атайын административдик районунун башчысы, ошондой эле бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар болот.
“Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосундагы соода алакаларын кеңейтүү перспективалары талкууланат. Эки тарапты кызыктырган далилдүү долбоорлорду жана демилгелерди талкуулоо пландалууда”, — деп жазылат маалыматта.