Адылбек Касымалиев Ош облусундагы объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районундагы органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышты.

Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун баасы 260 миллион долларды түзөт. Завод ишке кирсе 2 миң адам иш менен камсыз болот. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарат.

Мындан тышкары, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Курулуш иштери аяктагандан кийин бул батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жайдын алкагында берилет. Жалпы 542 батирлүү бул турак жай комплекси 8 блоктон турат.