Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районуна караштуу Садыр Аке айыл аймагында болуп өткөн сел кесепеттеринен жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
2024-жылдын 18-август күнү саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Садыр Аке айыл аймагына караштуу Темир, Кашат, Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарында сел катталган. Буга байланыштуу президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 миллион 900 жүз миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнгөн.
Жабыркагандарга төмөнкүчө бөлүнүп берилген:
— 1 000 000 сомдон — 32 адамга (32 000 000 сом);
— 500 000 сомдон — 41 адамга (20 500 000 сом);
— 100 000 сомдон — 234 адамга (23 400 000 сом).
Селдин кесепетинен жараксыз абалга келген 29 турак үйдүн ичинен 5 турак үй курулуп бүттү. 3 жаран башка жерлерден курулган турак үйлөрдү сатып алды. Калган 21-турак үй курулууда.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев селди алдын алуу чаралары менен таанышып, “Ат жайлоо” каналынын курулуш иштерин көрүп чыкты.