Адылбек Касымалиев таза сууну Улуу Британияга экспорттоону сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландияга болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри Тарик Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

«Жолугушууда эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды. Адылбек Касымалиев айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, «жашыл», санариптик жана креативдүү экономика сыяктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын белгиледи. Кыргызстандан ичүүчү таза сууну экспорттоодогу потенциалына жана аны Улуу Британиянын рыногуна жеткирүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду», — деп айтылат маалыматта.