Орусиялык ири авиакомпания болгон «Аэрофлот» 8-марттан тартып чет өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да учкан бардык каттамдарын токтотту. Мындан ары «Аэрофлот» өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан шаарлардан тышкары Орусиянын ичинде жана бир гана Беларустун борбору Минскке учат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Мындан тышкары орусиялык «Победа» авиакомпаниясы да 8-марттан тартып чет өлкөгө учуусун токтотот. Буга чейин орусиялык S7 авиакомпаниясы 5-марттан тартып 30-апрелге чейин бардык эл аралык каттамдарды токтоткон болчу.