Казакстандын Актау шаарында бүгүн, 25-декабрда Астана убактысы менен саат 11:10до Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан “Эмбраер – 190” учагынын экипажы Актау Эл Аралык аэропортунан авариялык кондурууну суранган. Бул тууралуу Кыргызстандын ӨКМи билдирди.
«Бирок учак аэропортко 3 чакырым жетпей авиакырсыкка учураган. Аба кырсыгы катталган тилкеде куткаруу иштерин жүргүзүүгө 52 куткаруучу жана 11 техника тартылган.
Ал эми Азербайжан Республикасынын ӨКМи алдын ала берген маалыматта, учакта 67 адам болгон. Анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар. Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жараны болгон. Учурда жалпы 28 адам ооруканага жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө»,- дешти.