Аэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн дагы жүрөт.
Бишкек мэриясы билдиргендей, Асанбай кичи районунан «Манас» аэропортуна каттаган №153 автобус эми түнкүсүн да жүрөт.
Каттамдар саат 00:00, 03:00 жана 05:00дө чыгат. Жол акысы — 140 сом (накталай эмес төлөмдө — 122 сом).











