Афганистан жана Кытайдан келген 111 этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, 111 адам, алардын 60ы чоң киши жана 51и бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышты.

Алардын баары Афганистан Ислам Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан келген этникалык кыргыздар.