Ага-ини Жээнбековдор Жогорку Сотко келген жок

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Жогорку Сотко дагы келген жок. Буга чейин Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, милициянын полковниги Абдылда Капаров ага-ини Жээнбековдорду жоопкерчиликке тартууну талап кылып, арыз менен кайрылган эле. Ал ошондой эле Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керектигин да билдирген болчу. Бүгүн Жогорку Сотто жогорудагы арыздын алкагында териштирүү болуп жатат жана Капаров актоо өкүмүн чыгарууну суранууда.

Ош ОИИБнин мурдагы башчысы 2017-жылы кармалып, ага прокуратура «экстремисттик чакырык таштаган, улут аралык кастыкты козуткан» деген негиз менен айып койгон. Абдылда Капаров ал кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго «Июнь окуясына байланыштуу келген акчаны кымырып алган» деген доомат коюп, кадыр-баркына шек келтирди деп күнөөлөнгөн. 2018-жылы Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген эле.