Буга чейин 2025 – 2026-окуу жылына карата Бишкек шаарындагы бир катар жалпы билим берүү уюмдарында 1-2-класстар үчүн кошумча орундар 23-майда ачылары тууралуу маалымат жарыяланган. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
23-майда Бишкек шаарындагы №29 мектепте гана текшерүүнүн жыйынтыгында бошогон орундар ачылат. Ал эми башка мектептер боюнча Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр тууралуу маалыматтар такталып жатат.
«Жарандардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын расмий булактарындагы кошумча маалыматка көз салып турууну жана анык маалыматты гана эске алууну суранабыз»,- деп айтылат маалыматта.