«Иниси агасын издеп кеткен». Нарындагы апа 2 уулун 8 жылдан бери күтүп келет

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине эне кайрылып, анын 2 уулу дайынсыз болуп жатканын билдирди. Алардын бирөөсү 8 жыл мурда Бишкекке кетсе, экинчиси 6 жыл мурун бир тууганын издеп кетип, ошондон бери дайынсыз.

Урмат Тыналиев 1985-жылы 5-ноябрда туулган. 2015-жылы октябрда Нарындан Бишкекке иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Агасы Улан Тыналиев 1983-жылы 5-сентябрда туулган. Улан иниси Урматты издеп, 2017-жылдын май айында кеткен бойдон дайынсыз.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден 2019-жылы 1965-жылы туулган жаран кайрылып, 1983-жылы туулган уулу 2017-жылдан бери дайынсыз болуп жатканын айтып арыз менен кайрылганын тастыкташты.

«2017-жылдын май айында уулу Бишкек шаарына кетип ошол бойдон байланышы үзүлүп, 2018-жылы уюлдук телефон аркылуу байланышып жүрүшүп эле, ошол учурдан тартып байланыш үзүлгөндүгү боюнча кайрылган. Ошол эле күнү Нарын ШИИБге каттоого алынган, издөө иши ачылган. Учурда издөө иштери уланууда», — дешти.