Ахматбек Келдибеков УКМКда сурак берип жатат

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков УКМКда сурак берип жатат.

Маалыматтарга караганда, ошол эле убакта УКМКнын имаратынын жанына анын тарапташтары чогулууда. Кечээ, 1-декабрда УКМКдан саясатчынын соцтармактагы баракчасына жарыялаган видео баяндамалары боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырылганын маалымдашкан.

Буга чейин «Азаттык» партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган.