Ахунбаев көчөсүнүн Манастан Малдыбаевге чейинки бөлүгү 15-июнга жетпей бүтүрүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте жолдордун капиталдык оңдоо иштерин текшерди.

Борбор калаанын башчысы Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки ремонтун текшерди. «ДорСтрой Групп» ЖЧК подрядчысы бул участоктогу иштерди 15-июнга чейин бүтүрүүгө милдеттенди. Асфальттын биринчи катмары жарым-жартылай төшөлгөн. Подрядчы мөөнөттөн 10 күнгө алдыда.

Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүндөгү Ахунбаев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки иштердин жүрүшү да текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жолдорду сапаттуу оңдоо, дизайн кодун сактоо, интернет-кабелдерди шайкеш келтирүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Ошол эле учурда Айбек Жунушалиев чарба субъекттеринин ээлерине милдеттүү түрдө билдирүү зарылдыгын эскертти.