Аи-95 бензини бир жыл ичинде 27 сомго кымбаттады

Аи-95 бензини бир жыл ичинде 27 сом 20 тыйынга кымбаттады же 72,4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты.

2021-жылдын 11-январында Аи-95 бензининин бир литри өлкөдө орточо баа менен алганда 37 сом 56 тыйын турса, 2022-жылдын 10-январында анын баасы 64 сом 77 тыйында түзүп калды. Аи-92 бензини 23 сом 60 тыйынга кымбаттаган, тагыраагы 35 сом 51 тыйындан 59 сом 10 тыйынга көтөрүлгөн. Дизель майы 22 сом 20 тыйынга өстү, тагыраагы 36 сом 2 тыйындан 58 сом 23 тыйынга асмандады.