«Айбан да өз баласын коргойт». Муфтий таштандыга ташталган ымыркайлар боюнча үн катты

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев таштандыга ташталган ымыркайлар боюнча үн катты.

«Эсибизге келели. Айбан болсо да өз баласын коргойт. Тоок да жумуркасы үчүн жанын берет. Кантип өзүнөн жаралган наристени таштандыга таштайт? Мунун кесепети баарыбызга тиет.

Ата-энелер, балдарга аяр мамиле кылалы. Окутабыз деп шаарга жөнөтүп, карабай коюп жатышат. Кесепети ушул. Бактылуу үй-бүлөдө баланы алып келип, таштап койбойт. Бул туура эмес жолдор менен баланы төрөп койгон же башка себептер бар. Болбосо кайсы эне баласын таштайт?» — деди ал.