Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жаңы директор дайындалды

Айбек Ибраимов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 13-июлда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамаатына жаңы жетекчи Ибраимов Айбек Султанович тааныштырылган. Ал бул кызматка Министрлер кабинетинин буйругу менен дайындалды. Буга чейин ал Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директору болуп иштеген.