Айбек Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жунушалиев Айбек Жанышбекович борбордун жаңы мэри шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. 

Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин 10 күн аткарган соң кызматтан кетти. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 26 -августта өтөт.

Эске салсак, Айбек Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.