Айбек Маткеримов Сузак районунда сел жүргөн айылга барды (сүрөт)

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сузак районунун Барпы айылында жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Насос конушунан кабар алды.

Депутат жергиликтүү бийликтин башчылары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери менен биргеликте сел жүргөн турак-жайларды көрүп, суу ташкыны орун алган кооптуу жерлерди кыдырды. «Сел ташкынынын кесепеттерин жоюу боюнча жарандык коргонуу кызматы иш алып барууда. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү фонддун эсебинен суу тосуучу дамбаны курууну пландап жатат. Эки жыл мурун дагы айылда ушул сыяктуу көрүнүш орун алган»,— деди Айбек Маткеримов.

Депутат айыл тургундары жаратылыш кырсыктарынан оолак, коопсуз жашоону камсыздап берүүнү суранып жаткандыгын кошумчалады. Эл өкүлү айыл тургундары менен да баарлашып, алардын суроо-талаптарын укту.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде орун алган жаратылыш кырсыгынан улам Сузак районунун Насос участкасында 52 кожолуктун 35 турак үйлөрүн жана короолорун сел каптаган.