Айчүрөк Иманалиеванын уулунун инфаркттан улам каза болгону айтылууда

Айчүрөк Иманалиеванын уулунун инфаркттан улам каза болгону айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Бүгүн, 21-июнга караган түнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев үйүндө каза болду. Анын сөөгү бүгүн саат 16:00дө жерге берилди.

Арген Иманалиев ырчы айымдын тун уулу, ал 1987-жылы туулган.