Аида Касымалиева: «Бактыбызды ажал жулуп кетип калды»

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиева соцтармактагы баракчасына жол кырсыгынан каза тапкан ата-энеси жана агасы Мыктыбек Касымалиевдин төрт баласынын каза болгону тууралуу билдирүү жарыялады.

Кечээ, 19-июлда Ош шаарында алардын тажиясы өттү.

«Алтындарым менин — апам, атам, Бектемирим, Байтурум, Канзатым, Нурзатым менин. Силерди жерге бердик бүгүн, бир боорлорум ай! Бул сүрөттө баарыңар турасыңар, беш баладан төртөөң кеттиң. Байтур түштө үзүлдү. Бойлоруңар узун, акылдуу, көздөрүңөр Мыктыбек акемдикиндей чоң, жылдыздуу, жадырап-жайнаган козуларым менин. Жаман силерди жакшы көрчү элем го! Жыттап-жыттап тойбойт элек. Көлгө чыгаардан бир күн мурун Панфилов паркына Байтур сарышкамды, эгиздер Канзат менен Нурзатты аябай ойноттум эле. Жолдо баратсак шагырап, биз көп элек, биз бактылуу элек. Биз ушунчалык бактылуу элек. Анан эле бактыбызды ажал жулуп кетип калды го. Нурзат мен Америкадан алып келген жашыл футболкасын чечпей уктады эле ошол түнү.
Кайгыбызды тең бөлүшкөн ар бириңиздерге чон ыраазычылык! Бүгүн мен ушул сөздүн маанисин түшүндүм. Атоооу, апоооу, бул трагедиянын орду эч качан толбойт, бирок биз сиздерди уят кылбай, кайраттанып жашоого аракеттенебиз. Бейиште болгула. Бир эле нерсе: атам эч качан эреже бузуп, катуу айдоочу эмес. Күнөөлүү адам жазасын толук алып, иш адилет каралышы керек. Башка мындай өлүм болбошу керек», — деп жазылат билдирүүдө.