Аида Касымалиева ИИМ өкүлдөрүнө: «Силердин ишти журналисттер менен чабан аткарып койду»

Бул иште шалаакылык көрүнүп эле турат. Силердин ишти журналисттер менен чабан кылып койду. Мындай пикирин бүгүн, 8-апрелде ЖКнын жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Ал ИИМ өкүлдөрүнө «Ишти так аткарууга системалык кайсы жерден, эмне көйгөй болуп жатат?» деген суроо узатты. «Иш башынан эле жакшы багытта жүрүп келаткан. Бирок биз Кара-Балтадабыз деп чалганда иш башка нукка бурулуп кеткен. Анан ошол жакты тактагыча ушундай болуп кетти»,- деди ИИМ башчысы.

Аида Касымалиева: А эмне үчүн башында ала качуу деп карадыңар? Бул эмне адам уурдоо деп каралбайбы?

Улан Ниязбеков: Бул окуяда экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн экен… Биз ошондо эле адам уурдоо деп эле каттаганбыз.

Аида Касымалиева: Ошол апасына ачуу басар келет, күйөө балалуу болосуңар деп ким айткан? Кайсы кызматкер?

ИИМ өкүлү бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын айтты.

Аида Касымалиева: Муну 1 ай тактайсыздарбы? Ал кызматкерлердин аты-жөнү жүрөт жазылып. Силердин жумушту журналисттер менен чабан жасап койду. Аны силер коргобоңуздар!