Аида Салянова 6 жаштагы кызы шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болгонун сүйүнчүлөдү

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова 6 жаштагы кызы шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болгонун сүйүнчүлөдү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Биздин биринчи чоң жеңишибиз! Кызым Кыргызстандын шахмат чемпиону болду! Алдыда дүйнө чемпионаты!» — деп жазылат саясатчынын билдирүүсүндө.


Аида Салянованын 1 уул, 2 кызы бар. Кичүү кызы 2015-жылы июль айында төрөлгөн.