Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кечээ, 15-октябрда түз эфирге чыгып, мындан 11 жыл мурун өлтүрүлгөн Камила Дүйшөбаева боюнча маалымат берди.
«Ал кезде 100дөгөн адамдар суралган. Менин агам (атамдын агасы) Калыбек Салянов күбө катары суралган. Маркум кыз агамдын ишине жумуш издеп келген экен. Ошондой жагдайда менин агамдын телефону ал кыздын телефонунда сакталып калган. Ошол аркылуу милиция агама чыкса керек. Кыз 2014-жылы каза болуп жатат. Мен ал кезде Башкы прокурор болчумун. Тергөөгө аралашкан эмесмин. Тергөө көз карандысыз жүрүп жатты. 2015-жылы депутат болдум. Ал жерде ачык оппозицияда элем. 2016-жылы саясий иш козголгон. 9 жылдан кийин, быйыл акталдым. 2017-жылы агамдын үстүнөн иш козгошту. Кыз 2014-жылы каза болуп жатса, 3 жылдан кийин иш козгошкон. Адам өлтүрүү беренеси менен иш козгой алышкан эмес. Себеби, далил жок болчу. Бирок тергөөгө тоскоолдук кылуу беренеси менен козгошту. Ал кандай тоскоолдук? Саунадагы видеону өчүргөн дейт. Камила ал саунада эч качан болгон эмес. Менин агам дагы Камила менен саунада болгон эмес. Мени каралоо үчүн иш козголгон. Бул иштин саясий экенинин дагы бир далили бар. Тергөөгө тоскоолдук кылуу беренесинин мөөнөтү 3 жылдан кийин өтмөк, мөөнөтү өткөндөн кийин иш козгоп жатат.
Бул каралоо үчүн болгон. Анда эмнеге агам чыгып кеткен? Туугандар, ойлонуп көрсөңөр. «Камайбыз» деп жатса, агам Кыргызстанга кирбегенге аргасыз болду. Кийин Америкага кеткенге туура келди. Эч бир тоскоолдук болгон эмес. Видео өчүрүлдү дешкен. Иликтөө болду. Саунанын ээси менен биргеликте өчүргөн дешкен. Ээси «бул кадимки практика. Ал мени өчүр деген эмес» деп жатат. Андан бери 8 жыл өттү. Ушул убакыттын ичинде «зөөкүр арабызда жүрөт» деп айтып эле келе жаттым. Эч ким уккан жок. Убагында бул кылмышты саясатташтырышкан үчүн шектүүнү издешкен эмес. Мени жаман көргөзүш керек болчу. Мен агама сотко берүү боюнча кеңеш бердим. Кайрылабы же жокпу билбейм. Каза болгон кызды да жаман аттуу кылып жатасыңар. Садыр Жапаров Айсулуу Мукашеванын өлүмүн жеке көзөмөлүнө алды. Башка өлтүрүүлөр да ачылды. 8 жыл бою киши өлтүргөн деген шек менен жашап жүргөн адам, анын үй-бүлөсү канчалык моралдык жактан жабыркады? Бул иш АКШда да каралган. Саясий өңүттө болгон деп чечим чыгарган»,- деди ал.