Айдар Акаевдин жылдыгында анын мүрзөсүнө жакындары эстелик орнотушту

Бийликтен куулган президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жүрөгүнүн согуусу токтоп калганынан улам өткөн жылдын 6-февралга караган түнү 43 жашында каза болгон. Арадан бир жыл өткөн соң анын мүрзөсүнө жакындары эстелик орнотушканы тууралуу сүрөттөр социалдык тармактарга тарады. Кадрлардан Аскар Акаевдин өзүн, жубайы Майрам Акаева, маркумдун бир туугандары Бермет Акаева, Илим Акаев, Саадат Акаева жана маркумдун жубайы Сайкал Чокубаеваны көрүүгө болот.

Айдар Акаевдин сөөгү Москва шаарындагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилген.