Айдоочу айымдын жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салган видео тарады

Социалдык тармактарда №212 каттамындагы автобустун айдоочу айымынын жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салган видео тарады.

Видеодон көргөндөй, ал каршы тилкеге чыгып, жанаша жүрүп бара жаткан коомдук транспортко күзгүсү тийген.