«Айдоочу өспүрүмдү арыкка ыргыта чапты». Бишкекте 173-каттамдын айдоочусунун видеосу тарады (видео)

Социалдык тармактарга «Бишкек шаарындагы 173-каттамдын айдоочусу өспүрүм баланы ыргыта муштады» деген аталышта видео тарады.

Күбөнүн айтымында, окуя кечээ, 15-сентябрь күнү болгон. Өспүрүм баланын эшикти катуу жапканы айдоочуга жакпай, ошондон уруш чыккан.

173-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу 15-16 жаштагы өспүрүмдү күч менен муштагандыктан бала арыкка кулап түштү. Жүргүнчүлөр айдоочуну араң токтотуп калышты. Биздин нааразычылыгыбызга айдоочунун реакциясы видеодо турат.

Мындай өзүн колго ала албаган, кылган ишине жооп бере албаган айдоочуларды кантип жумушка алышат? Алардын акыл-эси жайында экендигин бирөө көзөмөлдөйбү? Биздин балдар күн сайын ден соолугун, психикасын курмандыкка чалып ушундай адекваттуу эмес адамдардын маршруттук таксилерине отурушат. Аталган айдоочу жазасын тартыш керек», — деп жазган күбө.