Айдоочулар Кара-Кечеде көмүр баарына жүктөлбөй жатканына нааразы болушууда (видео)

Социалдык тармактарга Кара-Кечеде тартылган видео жарыяланды. Видеодо айдоочуларга көмүр жүктөөгө тыюу салынганын айтып, нааразы болуп жатышканын көрүүгө болот.

Видеонун автору «15ине чейин көмүр жок деп нааразы болушууда. Эл чогулуп ызы-чуу кылып жатабыз. «Жапсаңар толук жапкыла» деп атабыз. «Садырга жүктөйбүз» дейт (ред. болжолдуу Садыр Жапаров). А мындайга жок, 15ине чейин жүктөбөйбүз дейт. Эмне кылабыз билбейм», — дейт.

Бул боюнча «Кыргыз көмүр» ишканасы менен байланышканыбызда, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын айтты. «Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат, беш күн же бир жума ичинде көмүр берилет. Ал эми ЖЭБге көмүр жеткирүү үзгүлтүккө учураган жок», — дешти. Ошондой эле басма сөз кызматынан Бишкекте 3 миң сомдон сатыла турган көмүрдү жеткирүү да үзгүлтүксүз жүрүп жатканын кошумчалашты.