«Айдоочуларды коркутуп, артка кайтарышууда». Арча-Бешикте №260 маршруттук каттамы жүрбөй жатат

“Арча-Бешик” конушунда №260 маршруттук каттамы жүрбөй жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган конуштун тургундары билдиришти.

“Эртең менен №260 каттам менен бара жатсак, жолдон аталган каттамда иштеген башка айдоочулар маршруттук таксини токтотуп, жүргүнчүлөрдү түшүрүп, айдоочуларды кайра артка кетирип жатышат. Эмнеге мындай кылып жатканы белгисиз”, — дешти тургундар.

Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгына байланышканда, көйгөйдү чечүү үчүн аталган жерге адистер жиберилгенин жана бир аз убакыттан соң толук маалымат болорун айтышты.

Ал эми №260 маршруттук каттамы караган “Талкут” ЖЧКсынын жетекчиси Майрамбек Жекшеновго байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду. “Айдоочулар өзүнчө топко биригип алып, каттамга өздөрү ээлик кылгысы келип жатыптыр. Айрым айдоочулар чыкса, жолдон токтотуп, коркутуп, жүргүзбөй жатышат экен. Менде азыр муну кимдер уюштуруп жатканы тууралуу видео далилдер бар. Азыр милицияга байланышып, өткөрүп берем. Толук маалымат бүгүн кечке чейин болот”, — деди ал.

Дал ушундай эле көрүнүш 25-мартта да орун алган.