25-27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө кортеждердин өтүү маалында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Убактылуу чектөөлөр ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына байланыштуу киргизилмекчи.
Төмөндө чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:
— «Манас» Эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
— Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
— Ж. Абдрахманов, С. Ибраимов жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
ИИМ киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну эскертет.